Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.03.2014 14:31

Жалал-Абадда көчөлөргө таштанды ыргыткандар кармалып, акт түзүлүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургундары таштандыларды урналарга таштап, шаар тазалана баштады. Эки айдан бери уланып келе жаткан таштандылар боюнча рейддин жыйынтыгы чыга баштады, деп билдирет шаардык мэриянын басма көз кызматы.

Санитардык тазалыкты сактоо атайын автобазасынын жетекчиси Төлөнбек Бакировдун айтымында, алгачкы күндөрү бир күндө кечкиси таштандыны туш келди жакка таштап жаткан 4-5 тургун кармалып жатса, учурда таштанды таштап жаткан тургундардын саны азаюуда.

«Шаарыбыздын тазалыгын сактоо үчүн атайын кечки рейддерди уюштурганбыз, учурда шаарыбыздын көчөлөрү бир канча тазаланып, жашоочулар таштандыны туура урнага салып баштады, ал эми айрым кармалган тургундар үчүн жеринде акт түзүлүп жатат», - дейт Т.Бакиров.

Эскерте кетсек, рейддер ар аптасына 2 күн уюуштурулган болчу, мындан ары да шаардын тазалыгы үчүн рейддер дагы уюштурула бермекчи.

unnamed

unnвamed

12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×