Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.03.2014 14:34

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери февраль айынын башында табылган эркек адамдын сөгүнүн өздүгүн аныктай албай жатышат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери 1-февралда шаардагы Тайгараев аймактык башкармалыгында табылган өлгөн адамдын ким экенин тактай албай жатышат.

Участкалык инспектор Сатар Мамытов билдиргендей, табылган адамдын сөөгү 55-60тар чамасында, бою 165-168 см, кыска чачтуу, кара кыска куртка жана жынсы кийген.

Участкалык милиция кызматкеринин айтымында, ал үй-жайсыз адамдарга окшобойт, жыйнактуу адамдай көрүнөт. Ушул тапта анын денеси моргдо.

Бул адам тууралуу билгендер болсо 0 3722 5-28-3 телефону аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×