Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 04.03.2014 11:01

Таш-Көмүр шаарында 2 айдан бери дайынсыз жоголуп жаткан жаранды издөө иши улантылат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 22-декабрдан бери дайынсыз жоголуп жаткан Сатканкулов Майрамбекти издөө иши улантылат. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Таш-Көмүр шаарынын Кадырова көчөсүнүн №53 үйүнүн тургуну, 1988-жылы туулган Сатканкулов Майрамбек үйүнөн чыгып кетип дайынсыз жоголгон. 25-февраладн бери ӨКМдин Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 2-издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Кечээ, 3-мартта М.Сатканкуловду издөө иштерине ӨКМдин Таш-Көмүр шаарында жайгашкан II-ИКОнан 7 куткаруучу тартылды. Издөө иштери бүгүн, 4-мартта дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×