Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусу 03.03.2014 11:53

Жалал-Абаддан Бишкекке бузулган унаа катары жүктөлүп келе жаткан унаанын ичинен 17 кг ашык героин заты табылды

Turmush -  Кечээ, 2-март күнү Бишкек ШИИББдин баңги заттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам тобу тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү маалында Кыргызстандын жараны Орусия мамлекетине жөнөтүү үчүн Ош облусунан Бишкек шаарына «героин» баңгизатын ташып келип сатып жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган окуяга түз тиешеси бар жарандын аты-жөнү такталды. Ошондой эле, ал жалдап айдатып жүргөн Бишкек шаарынын Репина жана Космический көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан автоунаа коюучу жайда токтоп турган «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү Е40-32Е мамлекеттик номерлүү автоунааны тинтүү учурунда кузовдун арткы эки ланжеронунун ичинде скотч менен оролуп баштыкчага салынган 34 даана баштыкча, жалпы салмагы 17 кг 995 граммды түзгөн героин баңгизаты табылды.

ИИМдин эксперттик борборунун эксперти Р.Дюшекеевдин 2-мартта чыгарган аныктамасы боюнча, «Фольксваген-Пассаттан» табылган зат «героин» экендиги аныкталды.

Бул кылмыш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1977-жылы Жалал-Абад шаарында туулган Ж.Венера кармалып, учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай героин баңгизаты Тажикстан аркылуу Жалал- Абад облусуна келген. Жогоруда кармалган «Фольксваген-Пассаттын» кузовунун арткы эки ланжеронунун ичинде аталган баңгизатты Жалал-Абад шаарынан бекемдеп катышып, анан «Фольксваген-Пассатты» КАМАЗ автоунаасына жүктөп Бишкек шаарына алып келишкен. КАМАЗ, жүктөлгөн бул автомашина бузулуп калган унаа катарында келе жаткандыктан, жолдон эч ким текшерген эмес жана алар Бишкек шаарына ушундай жол менен жетип алган. Ошондой эле, мындан ары баңги затты темир жол аркылуу жөнөтүү жагы караштырылып жаткан.

Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары улантылуууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×