Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.03.2014 11:32

Жалал-Абадда «Тартип» рейдинин алкагында 1 адам өлтүрүү, 2 бейбаштык фактыларынын бети ачылды

Turmush -  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн «Тартип» рейдинин негизинде Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда 176 соода түйүнү, 50 мекеме-ишканалар, 38 нан бышыруучу жайлар, 10 мончо жана 13 диний уюмдар текшерүүдөн өттү.

Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, милициянын профилактикалык эсебинде каттоодо турушкан 141, мунун ичинен 48 мурда соттолгондор, 127 аңчылык сүйүүчүлөр жана ок атуучу куралдардын сакталышы, 11 психикалык жактан оорукчандар текшерүүдөн өткөрүлдү.

Иш-чаранын өтүшүндө ачылбай келаткан 3 кылмыштын бети ачылып, анын ичинен 1 адам өлтүрүү, 2 бейбаштык фактыларынын бети ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×