Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.03.2014 09:40

Аксы районунда айдоочу рулду башкара албай, сайга кулап түштү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кечээ, 2-мартта саат 16:25тер чамасында Ак-Суу айылынын Кызыл-Мойнок чегинде «Ауди-80» (мам. № D 19-06 T) үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калгандыгынан, унаа сайга кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы маалымдайт.

Айдоочу 1994-жылы туулган Аксы районунун Ак-Суу айылынын тургуну Усенов Бегалы экени аныкталды.

Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы II-Издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары барышып, унааны сайдан чыгарып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×