Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 28.02.2014 13:34

Кочкор-Ата шаарчасында турак үйдүн уктоочу бөлмөсүндө өрт чыкты

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарчасынын Пионер көчөсүндөгү 18-батирден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен батирдин уктоочу бөлмөсүндө 2 даана диван, компьютер, стол, отургуч, төшөктөр, килем, кийим-кече жана 15 чарчы метр жыгач полу күйүп кетти.

Өрттүн чыгуу себеби — электр жабдууларын куроодо өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Ошондой эле, аталган райондун Масы айыл округунун К.Султанов көчөсү-23тө жайгашкан Р.Жаргашева аттуу жарандын үйүндө өрт чыгып, бөлмөдө 15 чарчы метр аянтта үй оокаттары, сыналгы, эшик, терезелер, 25 чарчы метр жыгач полу күйгөн.

Өрт электр жабдууларын куроодо өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыкканы такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×