Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.02.2014 10:31

Кар көчкү түшкөн Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука унаажолу ачылды

Turmush -  Кечээ, 25-февралда саат 09:40та кар көчкү түшкөн Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука унаажолунун бөлүгү ачылды. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, унаажолду тазалоо үчүн ЖТИ-38ден 2 жүктөгүч, 1 бульдозер, 1 грейдер тартылып, саат 14:30дө унаажол толук ачылды.

Эске салсак, кечээ Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука унаажолунун 20-чакырымында (Алча чегинде) көлөмү 1950м³ кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×