Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 26.02.2014 08:59

Сузакта курулушу бүтө элек имарттын жертөлөсүнөн курал-жарактар табылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин изкубар кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштерин жүрүшүндө, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган, сот жообуна тартылып 14 жылга эркинен ажыратылган жарандын билдирүүсү боюнча, Жалал-Абад ОИИБнин ыкчам тергөө тобу Сузак районунун Таш-Булак айыл округуна караштуу Жаңы-Чек тилкесинде курулуп бүтө элек имараттын жертөлөсүнө бекитилген ок атуучу курал менен жарылуучу заттарды табышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.Бул жертөлөнүн бурчундагы кыштардын арасына целлофан пакеттин ичинде ак футболкага оролгон 1 даана «Наган» үлгүсүндөгү тапанча, 14 даана 5.45 мм калибирдеги ок атуучу автоматтын октору, 2 даана гранатага окшогон чет тилде жазуусу бар жарылуучу заттар алынды.

Учурда Жалал-Абад ОИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан дагы иликтөө жана алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ок

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×