Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.02.2014 10:58

Бишкек-Ош унаажолунун эки тилкесинде кар көчкү түштү

Turmush -   Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 23-февраль күнү саат 13:30дар чамасында Бишкек-Ош унаажолунун 255-чакырымында 3 жерден жалпы көлөмү 2000м³ кар көчкүсү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Унаа жолу убактылуу жабылган. Жолду тазалоо үчүн ЖТИ-23 тарабынан 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, саат 16:00дө унаажолу толук ачылды.

Ошондой эле, аталган облустун Кара-Көл шаарында кечээ, 24-февралда саат 04:30 чамасында Бишкек-Ош унаажолунун 373-чакырымында көлөмү 400м³ кар көчкү түшүп, унаажолу убактылуу жабылган.

Унаа жолду тазалоо үчүн ЖТИ-30 тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, ошол күнү саат 07:50дө жол толук ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×