Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу 19.02.2014 18:12

Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Turmush -  К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну, 1991-жылы туулган, Шералиев Назар мурунку аты-жөнүн өзгөртүп, качып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын мурунку аты-жөнү Кочкорбай уулу Назар болгон, 2008-жылы Бишкекте кылмыш жасаган. Ошол себептен Ленин райондук ИИБси тарабынан ага издөө жарыяланган.

«Азыркы учурда бул кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, дагы иликтөө жана алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө», - дейт басма сөз кызматы.

Алынган маалыматка караганда, Кыргызстанда 2013-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун изөөдө жүргөн 157 мүчөсү кармалса, Жалал-Абад облусунда алардын 14 кармалып, ар кандай жасаган кылмыштары үчүн сот жообуна тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×