Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 18.02.2014 17:22

Кызыл-Жардагы массалык бейбаштык аракеттеринын натыйжасында 15 миң сомго жакын маериалдык чыгым келди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психикалык ооруканасындагы массалык бейбаштык аракеттеринин натыйжасында ооруканага 15 миң сомго жакын маериалдык чыгым алып келди. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ, 17-февралда бул ооруканада милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, натыйжада банги затка шектелген затты табышкан. Бул банги затына ооруканадагы бейтаптардын тиешеси бар же жок экенин аныктоо максатында текшерүү жүргүзмөк. Бирок ооруканадагылар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, жаңжал чыгарышкан.

Ошондой эле, алар бейтапкананын жамактануучу жайынын, коридордун терезелерин сындырышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×