Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Жалал-Абад

Салык кызматынын Ала-Бука, Сузак райондору боюнча башкармалыктардын жетекчилери кызматтарынан бошотулду

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Сузак райондору боюнча башкармалыгынын жетекчилери кызматынын бошотулду. Мындай чечим 2013-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумдан кийин кабыл алынды, деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Исхак Масалиев бүгүн, 13-февралда Tazabek'ке.

«Учурда райондук администрациянын жетекчилери менен кеңешип жатам жана алардан кандай сунуштар түшөт карайбыз. Эгерде сунуш болбосо, анда сынак жарыяланат», - деди И.Масалиев.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 31-январына карата Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Ормонов Каныбек Зулпукарович, Ала-Бука району боюнча -Жайлообаев Матказы Мадыярович, Сузак району боюнча — Марифов Равшан Жолборсканович болгон.

Мурдараак, 10-февраль күнү И.Масалиев коллегияда Ала-Бука райондук салык кызматынын ишине нааразычылыгын билдирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1930
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×