Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусу 27.01.2014 13:32

Жалал-Абадда өткөн жылыжол кырсыгынан 204 адам каза болду

Turmush -  Өткөн жыл ичинде Жалал-Абад облусунда 733 жол кырсыгы катталып, андан 204 адам көз жумса, анын 192си жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусунда болуп, 21 баланын өмүрү кыйылган.

Жалал-Абад ОИИБнын жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Кудайберди Мусалиев аймактык кабарчыга маалымдагандай, адам өлүмү менен коштолуп жаткан кырсыктын дээрлик көбү Ош-Бишкек жолунда орун алган.

Жол көзөмөлдөөчүлөрдүн иликтөөлөрүндө кырсыктын келип чыгуусуна 70% жүргүнчүлөрдү ташыган таксилердин айдоочулары себепкер болушкан.

«Ош-Бишкек багытындагы жол каттамдарында жүргүнчүлөрдү ары-бери ташып, бала-чакасын багып жатышкан тажрыйбалуу да, тажрыйбасыз да айдоочулардын көпчүлүгү дем алып, уйкуларын толук кандырып жолго чыгуу керектигин көпчүлүк учурда эске алышпайт. Түнү жол жүрүп келсе да, эртең менен кайра сапар алгандар көп. Натыйжада жолдо баратып уйкуга алдырышып, биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн, анан өздөрүнүн да өмүрлөрүнө орду толгус коркунуч жараткан кайгылуу кырсыктарга тушугуп калышууда», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×