Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу 27.01.2014 12:00

Жалал-Абадда кар көчкүлөрдү артиллериялык аттыруу менен түшүрүү иштери улантылат

Turmush -  Кечээ, 26-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаажолунун 223-чакырымында саат 14:44төн 15:18ге чейин 12 жолу артиллериялык аттыруу жүргүзүлүп, жалпы 60 миң метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес. Бул тууралуу Өкмдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми саат 16:50дөн 17:00гө чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында 6 жолу артиллериялык аттыруу жүргүзүлүп, 12 миң метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес.

Артиллериялык эсеп Бишкек-Ош унаажолунун 238-чакырымында түнөштү, бүгүн, 27-январда кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иштери улантылат.

Ошондой эле, Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаажолунун 72-74-чакырымында саат 15:40тан 16:30га чейин 2 жолу артиллериялык аттыруу жүргүзүлүп, кар көчкү түшкөн жок. Кар көчкүнү атайлап атып түшүрүү иштери аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×