Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 25.01.2014 15:06

Чаткал районундагы Красная-Горька-Ак-Таш унаа жолу убактылуу жабылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда аба-ырайынын татаалдыгына байланыштуу кечээ, 24-январда кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлгөн жок. Ош шаарынан барган артиллериялык эсеп Терексай айылына жайгашкан.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, тынымсыз жааган кардын кесепетинен кар көчкүнүн жүрүп кетүү коркунучу пайда болгондуктан, 24-январдан тартып райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин буйругунун негизинде Красная-Горька-Ак-Таш унаа жолу убактылуу жабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×