Бөлүмдөр
Ишемби, 28-март

Жалал-Абаддагы ооруканага демилгелүү топ медициналык каражаттарды алып беришти

Turmush -  Жалал-Абад облусунда коронавирус оорусу катталгандан бери облустук биргелешкен ооруканада иштеп жаткан дарыгерлерди колдоо үчүн демөөрчүлөр медициналык каражаттарды алып беришти. Бул маалыматты облустук ооруканадан дагы ырасташты.

Маалым болгондой, 25-мартта Жалал-Абад шаарынын тургундарынан түзүлгөн демилгелүү топ акча чогултуп, коронавирус менен күрөшүп жаткан ак халатчандарга 30 даана респиратор жана илдеттен коргоочу көз айнектерди алып беришти. Жардам көрсөткөндөр калк саламаттыгы үчүн иштеген дарыгерлерди колдоону туура көрүшкөн.

Ооруканадан алынган маалыматка караганда, жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен буга чейин илдет аныкталгандарды карап жатышкан жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү дарыгерлерге азык-түлүк таратышкан.

Кызыл ай коому менен бирге кайрымдуулук фонд 95 даана коргонуучу кийим алып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×