Бөлүмдөр
Ишемби, 28-март

Сүрөт — Көк-Жаңгак шаарындагы дезинфекциялоо иштери

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында 24-мартта дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриянын cоциалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Айпери Садыкова билдирди.

Анын айтымында, шаарда коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу максатында тынымсыз аракеттер жүргүзүлүп жатат.

«Шаардагы мекеме-ишканалардын имараттары, ашкана жана соода-сатык дүкөндөр, көчөлөр дезинфекцияланды. Ага жалпы 50 кг хлор, 5 тонна суу жумшалды. Мындай иштер дагы уланат», - деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×