Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 24.01.2014 19:05

Жалал-Абадда баңги затын мыйзамсыз алып жүргөн УКТ мүчөсү кармалды

Turmush -  22-январда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңги затын мыйзамсыз колдонуп жүргөн, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган кылмышкер ИИМде К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган 1983-жылы туулган А.Н. аттуу жергиликтүү тургун оперативдүү-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Шамалды-Сайдын аймагынан кармалды.

Ошондой эле, кылмышкерди текшерүү учурунда «гашиш» баңги заты алынды.

Бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги затын мыйзамсыз сатуу, сактоо, алып жүрүү жана жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, учурда кылмышкер камакка алында жана тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×