Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуКочкор району 23.01.2020 10:16

Кочкордо мугалим Ө.Бейшембаев 72 жашында дүйнө салды

Turmush -  21-январда Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын мурунку директору жана тарыхчы мугалим Өмүрбек Бейшембаев 72 жашында күтүүсүз оорунун айынан дүйнө салды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектеп-гимназиянын эмгек жамааты билдирди.

Бейшембаев Өмүрбек 1948-жылдын 21-сентябрында Кочкор районундагы Комсомол айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун 1971-жылы Быстровка заводунда жумушчу-оператор болуп баштаган.

1977-1978-окуу жылында XXV партсъезд атындагы сегиз жылдык мектебине кол эмгек мугалими болуп кабыл алынган. 1981-1982-окуу жылында Кара-Коо (азыркы Нинакан Жүндүбаева атындагы) орто мектебинде директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары кызматын аркалаган. 2001-жылдын сентябрь айынан 2008-жылдын август айына чейин Кочкор районунун Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде директор болуп иштеген. 2008-2018-жылдары Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында директор болуп эмгектенген. 2018-жылдын июнь айында ардактуу эс алууга чыгып, ушул эле мектеп-гимназияда тарых сабагынан мугалим болуп иштеп келген.

Өмүрбек Бейшембаев мугалимдик кесипте 48 жыл иштеген. Эмгеги бааланып, төмөнкү сыйлыктар менен сыйланган.

- Нарын облустук билим берүү борборунун ардак грамотасы (1998-жыл);
- Билим берүү министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» наамы;
- Облустук мамлекеттик администрациянын ардак грамотасы (2005-жыл);
- Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен сыйланган.

Маркумдун аркасында жубайы жана 5 баласы калды. Мектеп жамааты жана окуучулар Өмүрбек Бейшембаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Маркум бүгүн, 23-январда жерге берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×