Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 23.01.2020 08:42

Ат-башылык Нагима Пензада өткөн сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду. Сүрөт

Turmush -  Ат-башылык Нагима Жыргалбек кызы Россиянын Пенза шаарында өткөн эл аралык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу апасы Фарида Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, бул сынакка Кытай, Египет, Тажикстан, Судан, Украина, Кыргызстан, Индия, Түркмөнстан, Индонезиянын кыздары катышкан.

Нагима Жыргалбек кызы учурда Пенза шаарындагы Белинский атындагы педагогикалык университеттин биохимия факультетинин 4-курсунда бюджеттик негизде окуйт. Ал 1996-жылы төрөлгөн. Казыбек айылындагы орто мектепти бүткөн. Мектепте эң жакшы баалар менен окуп, коомдук иштердин активдүү катышуучусу болгон. Беш бир туугандын улуусу. Атасы Жусупов Жыргалбек жеке ишкер, апасы Мамбетова Фарида мектепте мугалим болуп эмгектенет.

Ал сынактын жыйынтыгы менен «Дүйнө берметтери» аттуу сынакка жолдомо алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×