Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.01.2020 23:46

Видео — Ысык-Көлдөгү тоо текелер

Turmush -  Ысык-Көлдүн тоолорунда мергенчилер Сибирь тоо эчкилеринин бир топ үйүрүн жолуктурушат. Бул тууралуу мергенчилер билдиришти.

Алар Барскоон капчыгайынан тартылган видео менен бөлүштү.

«Кышында тоо эчкилер текелерге кошулбай өз алдынча үйүр-үйүр болуп жүрүшөт. Текесинин мүйүзү чоң, ээгинде сакалы бар. Аска, жарларга оңой чыгып, шамдагай келет. Ургаачыларынын мүйүзү узун келип, 120 сантиметрге чейин жетет. Убакыт өткөн сайын мүйүзүнүн өсүшү жайлап калат. Салмагы 100 килограммга чейин жетип, көөдөнү жарым метрден жогору болот.

Эркектеринин мүйүзү 30-40 сантиметрден ашат. Тоо эчкилери 15 жылдан ашык убакыт жашашат», - деди биолог Виктор Ховрич.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×