Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 15.01.2020 17:50 На русском

Карга камалып, жарыгы жок жашаган Жаз-Кечүүдөгү элдин азабы видеодо

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу алыскы Жаз-Кечүү айылына дагы деле электр жарыгы жете элек. Тоо койнунда жайгашкан айылды башка аймак менен байланыштырчу жол ноябрь айында эле жабылып калат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы элеттиктердин абалына күбө болуп келди.

Жергиликтүү тургун Айымбү Баймуратованын айтымында, быйыл салыштырмалуу кар бир аз азыраак. Деген менен унаа каттоочу жол жабылып, эл ат менен жол салып каттагандыктан кыйынчылык бар.

«Бизге окшогон карылар каттай албай отурабыз. Ат менен каттаганга абал жок. Жалгыз аяк жол менен шаарга түшчүлөр сүйлөшүп, 4-5 киши болуп чогуу барышат. Унаа каттаган жолго чейин жол азабы элди кыйнайт. Өтө зарыл иши барлар эле айла жок жөнөшпөсө, калган эл чырак менен отурат. Жалгыз жүрчү болсо карышкырга жем болуп калышы мүмкүн, ошондуктан 3-4 адам болуп биригип кетишет. Ээн талаада, токой ичин аралап келе жатканда карышкыр кол салбаса экен деген кооптонуу бар. Ошондуктан жалгыз эч ким жүрбөйт», - деди ал.

Учурда аймакта бир метрден ашуун кар бар. Кар көп жааган жылдары ашууларда жол жабылып, кардын бийиктиги 1,5-2 метрге чейин жетет. Эл аттын жардамы менен ачылган жалгыз аяк жолду жабылып калбаса экен деп тиленип турушат.

Эки күн мурда Жаз-Кечүү айылынан Каду айылы тарапты көздөй келе жаткан эл жалгыз аяк жолду таппай кыйналып бара жатканын жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан. Анда жашоочулар араң жол таап баратышканын көрүүгө болот.

Видеодогу жергиликтүү тургун: «Аттар тыгылып, болбой калды. Бороондон улам жолубуз да жабылып калып, ашууда жолдун нугун таппай жүрөбүз. Жол салып кетип жатабыз. Өкмөт жол салып берсе жыргал болот эле. Биз тарткан көйгөйдү өлкөнүн башка айылындагылар тартпаса керек. Кыргызстандын Памири, памирлик туугандардан кем эмес азап чегебиз. Бул жерден карышкырлар өтөт, 3-4 жашоочу болуп өтпөсө болбойт. Жалгыз жүрсөк,карышкырга жем болобузбу деп коркобуз. Жакшылык жана жамандыкта, зарыл иш чыгып калганда ушинтип келебиз», - деди.

Айыл башчы Замирбек Масиркулов кышкысын айыл эли үчүн каттам кыйынчылык жаратарын айтты.

«Жергиликтүү тургундар жаз, жай айларында жеке менчик унаалары менен катташат. Райондун борборунан Жаз-Кечүү айылына чейин 110 чакырымдан ашат. Анын 20 чакырым аралыгы ноябрь айында эле жабылып, апрелге чейин унаа каттамы болбойт. 20 чакырым аралыкты ат менен 4 сааттан ашык басып өтөбүз. Кыш мезгилинде жергиликтүү тургундар ат менен катташат. Тоолуу аймак болгондуктан 20 чакырым аралыктагы ашуулардан өтүү кыйынчылык туудурат. Айыл тургундары үчүн жол салынып, электр жарыгы берилсе, эң негизги көйгөй чечилмек», - деди айыл башчы.

Жазы-Кечүү айылы

Жаз-Кечүү айылындагы 140 кожолукта 600дөй адам бар. 100 орундуу мектеп жана ФАП иштейт. Атагы чыккан айылга электр жарыгын жеткирүү үчүн адистердин эсеби боюнча (Сузак тараптан тартылса) 22 чакырым аралыкка электр чубалгыларын тартуу керек. Эгер 10 кВт электр чубалгысы тартылса 44 миллион сом, 35 кВт электр чубалгылары тартылса 142 миллион сом жумшалышы мүмкүн. Азырынча өкмөт айылды жарыктандыруу боюнча бир жыйынтыкка келе элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×