Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 15.01.2020 12:43

Мектептен мейманканага көчкөн окуучулар: Ижара акы үчүн канча акча сарпталды?

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №2 орто мектептин окуучулары быйыл да мейманканада билим алып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектепте жалпысынан 1260 окуучу билим алат. Анын ичинен 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар мектептин эски имаратына, 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар Союз учурунда курулган «Кетмен-Төбө» жеке менчик мейманканага жайгаштырылган. Бул мейманкананын ээси менен шаар мэриясынын түзүлгөн келишимине ылайык айына 70 миң сомдон ижара акы төлөнүп жатат.

Токтогул шаарынын мэри Болот Болгонбаевдин айтымында, быйыл дагы 3 айга келишим түзүлөт.

«2018-жылдын акыркы 4 айына жана 2019-жылы мейманканага ижара акы үчүн 1 миллион 296 миң сом акча каражаты төлөнүп берилди. Капиталдык оңдоо жүрүп жаткан Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептеги жумуштар ушул жылдын биринчи кварталында аяктай турганы айтылып жатат. Бул аралык үчүн дагы 210 миң сом каралганы турат. Муну жакында шаардык кеңештин депутаттарына сунуш катары сессияга алып чыгабыз. Бала бакчабыз да тургундун жеке менчик имаратында тургандыктан, 1 миллион 114 миң сом ижара төлөндү. Биздеги эки мектеп, бала бакча пилоттук катары киргендиктен шаар депутаттары, эл түшүнүү менен кабыл алып жатышат. убактылуу ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн. Бирок эртең шаардагы үч объект бүтсө, балдар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк жаралган болот», - деди ал.

Белгилүү болгондой, калаадагы Токтогул атындагы №1 жана Ж.Бөкөнбаев атындагы №2 орто мектептери, бир бала бакча АРИС тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «Чакан шаарларды өнүктүрүү» долбоору аркылуу капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Кыргызстанда Балыкчы жана Токтогул шаарларындагы саналуу мектептер гана заманбап оңдоого пилоттук катары кирген. Мында мектептин дубалы гана калбаса, чатырынан бери алмашууда. Долбоорго ылайык мектептерге санитардык түйүн орнотуу, таза суу киргизүү жагы да эске алынган. Эң негизгиси жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу жана электр энергиясы аз сарпталган жылуулук менен камсыздоо иши менен айырмаланат. Учурда үч объектиде тең жумуш кызуу жүрүп жатат. Токтогул атындагы мектебинин окуучулары №39 кесиптик лицейдин 2-имаратына киргизилди.

Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепти оңдоп-түзөө иштерине 51 миллион 132 миң сом каралган. Оңдоо иштерин 2019-жылдын 20-декабрында бүткөрүү пландалганы менен иштин жай жүрүп жатканы көпчүлүктү ойлондурууда.

Оңдоо иштерин жүргүзгөн «Бий Ордо» ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, жыл башында каражатка байланыштуу оңдоо иши 2 айга кечиккен.

«Жер силкинүүдө туруштук берүү үчүн жүрүп жаткан жумуш өтө кылдаттыкты талап кылгандыктан, иш жай жүрүп жатат. Жылуулук менен камсыздоо иши дубалдары аркылуу жүргөндүктөн да жайлап жатат. Бирок алар белгиленген убакытта бүткөрүү аракети көрүлүүдө», - деп билдиришти алар.

Токтогул атындагы №1 жалпы билим берүүчү мекемеге 58 миллион сом бөлүнгөн. Тендерден «Тунук Курулуш» ЖЧКсы утуп алган. Оңдоо иштери 40 пайызга бүтүп калды.

Токтогул районунда жалпысынан 42 мектеп бар. Анын ичинен 7 мектеп авариялык абалда болсо, 9 мектептин имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×