Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.01.2020 11:49

Кара-Көлдөгү «Кайыңды» эс алуу лагериндеги көйгөйлөр

Общественные слушания
Общественные слушания

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы «Кайыңды» балдар эс алуу лагеринин имараты оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу шаардын 2020-жылга карата бюджети боюнча өткөн коомдук угууда лагердин директору Токтогазы Сандыбаев билдирди.

Анын айтымында, лагердин имаратынын 1-2-бөлүгү капиталдык оңдоого муктаж.

«Өткөн жылы 100 даана матрац берилген экен. Бизге керебет, матрацтар жетпейт. Ошол жерге ата-энелер көп барат. Аларды жаткыргандан уялабыз. Ата-энелер көрө электе матрацтарга шейшептерди кийгизе коебуз. Өткөндө Жазы-Кечүү айылына таза суу чыгарууга усталар келди эле. Мэриядан 10 даана матрац сурашкан экен. Ошол жумушчуларга 10 матрац алып берсем, жатпай коюшту. Айыл өкмөтү «ушуга кантип балдарды жаткырасыңар?» деп уят кылды.

Мисалы, былтыр аскер бөлүктөн 97 керебет алып бардык. Тилемчи эле болуп калдык. Тамак ичкен жерде стол жетпейт. Былтыр окуу жайдан жалдырап алдык. Быйыл №1 мектептен алабыз. Балдар ал жерге баргандан кийин жакшы эс алышы керек да. Жаткан матрац менен жаздыктарды көрсөңүз ыйлагыңыз келет. Ал эми тамак-аш жагынан эч кандай айып жок. Беш маал тамак берилет. Ата-энелер дагы тамак-ашын макташты. Бирок матрацтар жаман абалда экенин айтып жатышат», - деди жайкы лагердин директору Т.Сандыбаев.

Мындай өтүнүчтү коомдук угууга катышкан бийлик өкүлдөрү туура кабыл алышып, быйыл ушул маселени чечүү жолдорун табышарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×