Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.01.2020 11:00

Кара-Көлдүн 2020-жылдагы бюджети боюнча коомдук угуу өттү

Turmush -  Кара-Көл шаарында 14-январда коомдук угуу болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев, жергиликтүү депутаттар, 1-вице-мэр Элдияр Бабаканов, мекеме-ишканалардын, билим берүү тармагында иштеген жетекчилер катышты. Коомдук угууда 2020-жылга карата шаардын бюджетинин долбоору тааныштырылды. Ошондой эле акыркы жолу коомдук угуу 2016-жылы өткөрүлүп, андан бери коомдук угууну токтотуп туруу боюнча аткаруу бийлигинен сунуштар келгендигине байланыштуу өтпөй келгени айтылды.

Коомдук угууда шаардык бюджеттин 2020-жылга карата киреше бөлүгү 105 061,0 миң сом болушу күтүлөрү боюнча маалымат берилди. Аткаруу бийлиги 2020-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын же «Өнүгүү бюджетинин» иш планы боюнча долбоор реестрин тааныштырды.

Иш-чарада шаардагы мугалимдердин иш сапарга кеткен чыгымдары төлөнбөй жатканы боюнча Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү экени белгиленди. Ал эми жергиликтүү бийлик шаарга жаш адистерди тартууда мугалимдер менен дарыгерлерге турак жайдын ижара акысын, коммуналдык чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү экени белгиленди.

Шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев буга чейин төлөнбөй, көйгөй жаратып келген дарыгерлердин ижара акысын жана коммуналдык төлөмдөрүн быйыл сөзсүз төлөп берүү жана бул маселе чечилбесе, дарыгерлер иш таштай турганын дагы айтты. Ошондой эле ал биринчи мугалимдер менен дарыгерлерге шарт түзүп, анан алардан иштин сапаттуулугун талап кылуу керектигин айтты.

«Мындан сырткары 32 батирлүү үй боюнча Сейсмологиялык институттан комиссия келип, үйдүн курулушун текшерип кетишкен. Алардын изилдөө иштерине 318 миң сом бөлүү керек, алардын бүтүмү жакында келет. Андан кийнки кадам катары үйдүн долбооруна, сметасына киришүү зарыл, үй бүткөнү менен анын паспорту болуш керек. Ушул сыяктуу иштерди бүтүрүү шарт», - деди Б.Кыргызалиев.

Коомдук угууда, мектептеги, балдар бакчалардагы өрт коопсуздугу боюнча өрт өчүрүүчү шаймандарды нормага жараша толуктоого жергиликтүү бюджеттен акча бөлүү, үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде жана жергиликтүү бюджеттен 20% үлүш кошуу менен «Кайыңды» балдар эс алуу лагеринин имаратынын 1-2-бөлүгүн капиталдык оңдоодон өткөрүү керектиги айтылды. Ошондой эле «Энергетик» стадионун жана «Келечек» бала бакчасын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландары айтылды.

Суу өтүп жаткан мэриянын үч кабаттуу имаратынын чатырын жабуу, мэриянын имараты менен чоң залдын ортосунда жайгашкан фоенин чатырын жабуу жана чоң залдын чатырын оңдоо, Чоң-Таш көчөсүнө таза суу чыгаруу, Кетмен-Төбө айыл аймагындагы тиричилик тейлөө комбинатынын имаратын оңдоо, Ленин көчөсүндөгү аллеяны оңдоо, көчө жарнамасы үчүн монитор сатып алуу, Серый көчөсүндөгү Токтогул Сатылгановдун эстелигинин аймагына аллея куруу, оргума орнотуу өңдүү 22 долбоорду 2020-жылдын бюджетинин иш планына сунуштап, коомдук угууга катышкандарга айтылды.

Бул долбоорлор эл өкүлдөрү тарабынан каралып, кылдат талданат. Бул маселелер боюнча шаардык кеңештин төрагасы, депутаттар өз ойлорун билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×