Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.01.2020 18:10 На русском

Убактылуу кармоочу жайда жаткан экс-милиционер өз өмүрүн кыйды

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында убактылуу кармоочу жайда жаткан экс-милиция кызматкери өмүрүнө кол салып, каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдирди. Аталган маалыматты Кыйноолорго каршы улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алишер Эрматов тастыктады.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 14-январда болгон.

«Мага дагы убактылуу кармоочу жайда жаткан адам каза болгону боюнча кабар түштү. Барсам, маркумдун денеси муздай элек экен. Мойнунда жиби туруптур. Мен өзүбүзгө тийиштүү ишти жүргүздүм, денесине кароо жүргүздүк. Кыйноого кабылган белги жок. Өз өмүрүнө кол салганы билинип турат. Маркум Д.К. саат 06:30да дааратканага чыгып, саат 08:00дө текшерүү болгон, андан кийин өз өмүрүнө кол салыптыр.

Өз өмүрүнө кол салган адам мурда милиция кызматында, Каржы полициясында иштеген. 2018-жылдан бери убактылуу кармоочу жайда болчу. Ал камерада жалгыз отурган. Себеби, мурда милиция кызматкери болгондуктан башка кылмышка шектүүлөргө кошушкан эмес», - деди ал.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы убактылуу кармоочу жайда өз өмүрүн кыйган факт катталганын ырастап, 14-январда саат 08:30да ШИИБдин убактылуу кармоочу изоляторунун камераларынын биринде жалгыз кармалып отурган 1977-жылы туулган К.Д.нын өзүн-өзү асып каза болгон жансыз денеси табылганын маалымдады.

«Ал убактылуу кармоочу жайына 2018-жылдын 21-апрель күнү КРнын Жазык процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык киргизилген. Ага карата КЖКнын 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу), 241- беренеси (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү), 168- беренеси (Каракчылык) жана 246-берене (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон.

Иштин материалдары соттун кароосуна жиберилип, 1-инстанциядагы сот тарабынан 7 жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Соттун өкүмүнө кайрадан апелляциялык даттануу менен кайрылып, азыркы күндө Жалал-Абад облустук соту тарабынан каралып жаткан. К.Д.нын жансыз денесине кароо жүргүзүлгөн учурда кара түстүү жипке окшош буюмга асынып алганы аныкталган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн өзү асып өлтүрүү болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертиза учурунда денесинде башка эч кандай жарааттар болбогондугу аныкталган. Учурда тергөө иштери менен катар кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Маркум 2002-2006-жылдар аралыгында ички иштер органдарында иштеп, терс жагдайларга байланыштуу иштен бошотулган», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×