Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.01.2020 17:44

Жалал-Абаддагы бир жылда кароосуз калган канча бала атайын борборго түштү?

жалал-абад
жалал-абад

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Ак жол» реабилитациялык борборго 2019-жылы 21 бала жайгаштырылган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жалал-Абад шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Назира Жакыпова билдирди.

Анын айтымында, борборго район-шаарлардан келген балдар дагы жайгаштырылган.

«Бул борборго башка аймактагы балдарды дагы убактылуу жайгаштырууга болот. 2019-жылы 21 бала келип, анын ичинен 20 бала туугандарына, ата-энелерине кайтарылып берилди. Көчөдө жүргөн балдарды милиция кызматкерлери алып келишкенде бирге жайгаштырабыз. Бул борборго ар түрдүү турмуштук оор кырдаалга кабылган, ата-энеси ичкиликке берилип кеткен, үйүнөн качып чыккан балдар түшөт. Бүгүнкү күндө 20 бала тарбияланып жатат. Бул жайда 6 ай гана кармай алабыз, бул аралыкта туугандарын таап, алар менен сүйлөшүп, жашоо-шарттарына карап кайтарабыз. Ошондой эле соттун чечими менен ата-энеси ата-энелик укугунан ажыратылган, 18 жашка толо элек 3 бала жашап жатат», - деди ал.

Жалал-Абад шаарында 18 жашка толо элек балдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору жана «Ак бермет» үй-бүлөлүк тибиндеги үй бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×