Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.01.2020 15:31 Жаңыланды: 13.01.2020 16:10

Ургаачы карышкырдын жатыны 10 миң сомго чейин сатылат, - мергенчи Б.Чынасылов

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын 42 жаштагы тургуну Булут Чынасылов атасынан калган мергенчилик өнөрдү аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы Курбан Чынасылов белгилүү мергенчи болгон.

«Атам Курбан Чынасыловдун мергенчилик өнөрү бизге өттү. Менин 5 агам бар. Алар дагы мергенчи. Акыркы 5 жылдан бери карышкыр ата баштадым. Жаш кезимде атамды ээрчип, карышкыр атууга барчумун. Ал кезде көп деле кызыгуу болгон эмес экен. Армиядан келгенден кийин мергенчиликке аралаштым», - деди ал.

Мергенчи карышкыр атуу өтө татаал экенин белгилейт.

«Карышкыр атуу өтө татаал. Мисалы, алдыңа келип калса дагы ата албай каласың. Карышкырдын колдоочусу бар деп коюшат. Мен өзүм көп эле жолу күбө болдум. Көзгө атар мергенчилер дагы ата албай өткөрүп жиберишет. 7 күн мурда атууга чыкканымда биринчи келген карышкырды ата албай калдым. Экинчи келген карышкырды атып алдым. Ошол күнү 3 карышкыр мергенчилердин огунан аман калды. Бир нече жолу ок чыгарышып, бири дагы тийбептир. Көп эле жолу мындай окуялар болот», - деди мергенчи.

Ал ошондой эле карышкыр тууралуу кызыктуу фактыларга дагы токтолду.

«Карышкыр жөнүндө көп кызыктар бар. Атам карышкыр толгоосу келип калган учурда куугунтукталып, төлдөбөй, 1 жумага чейин өзүн кармай алат деп айтчу. 1 жумага чейин толгоону токтотуп коюу оңой эмес болсо керек. Карышкырда өтө сейрек кездешүүчү мүнөздөр бар. Бекеринен көкжал деп аталган эмес. Ал сүрдүү жаныбар. Адамдын буту баспаган жерге барып төлдөйт. Ал тынч жерде балдарын чоңойтот. Карышкырлар өч алат деген дагы кеп бар. Эгер карышкырлар бир айылдын элине өчөшүп калса, ошол айылдын мал-жандыгына кол сала бериши мүмкүн», - дейт Б.Чынасылов.

Мергенчи карышкырды союп сатышарын, ургаачы карышкырдын жыныс мүчөсү кымбат сатыларын айтты.

«Карышкыр аткандан кийин аны союп сатабыз. Учурда ургаачы карышкырдын жатыны 10 миң сомго сатылат. Мындан сырткары 2 ашыгы 10 миң сомго, 4 тиши 2 миң сомдон 8 миң сомго, терисин 5 миң сомго сатса болот. Бир карышкыр жалпы 30 миң сом болот. Мен тузак менен кармап келген тирүү карышкырды 15 миң сомго сурашты, бирок саткан жокмун», - деди мергенчи.

Булут Чынасылов 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×