Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.01.2020 09:30

Аксылыктар мал уурунун акталышы боюнча Башкы прокуратурага арызданды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото
// Пресс-служба ГУВД Чуйской области

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын тургундары мал уурунун акталышы боюнча Башкы прокуратурага арызданды. Бул тууралуу маалыматты айыл башчысы Ажибек Алымкулов ырастады.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоп, арыз жазды.
«Итагар айылынын тургундары мал уурунун акталышы боюнча Башкы прокуратурага арызданып кол чогултту. Учурда 200дөн ашык адам кол койду. Эл ууруну жоопко тартып берүүнү суранып аргасыз арыз жазды. Себеби ууру сотто акталып чыгып кетти. Мал уурдаган адам 2 бээни төлөп бергенде бир адам тосмо арыз жазып, бирок тосмо арызын кайра кайтарып алган. Тосмо арызды кайра кайтарып алынгандыгы сотто каралбагандан улам акталып чыгып кетиптир. Учурда 60тан ашык малын жоготкон Итагар айылынын тургундары акыйкат чечим чыкпаса президентке дагы кайрылууну көздөп жатат», - деди ал.

Аксы райондук администрациясынын аппарат башчысы Нуртаза Мамбетов Итагардын тургундары Башкы прокуратура менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылганын тастыктады.

«Итагар айылынын тургундары акимге арыз менен кайрылган. Алар соттон акталган адамды камап берүүнү суранышты. Учурда айыл тургундары уурунун акталышы боюнча Башкы прокуратурага жана Жалал-Абад облустук сотуна кайрылуу жолдошту», - деди Мамабетов.

Буга чейин Итагар айылынын тургундар 2 кой, 2 бээ уурдаган адамдын акталышы боюнча нааразы экендигин билдирип чыгышкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×