Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.01.2020 18:06 На русском

Жалал-Абадда кан борборунун кызматтык унаасы кырсыкка кабылган эмес

Жалал-Абадда тез жардам унаасы кырсыкка кабылды
Жалал-Абадда тез жардам унаасы кырсыкка кабылды

Turmush -  8-январда Жалал-Абад шаарындагы кан борборунун атайын кан ташыган унаасы кырсыкка кабылган эмес. Бул тууралуу облустук кан борборунун жетекчиси Урмат Боржуев билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин кан борборунун унаасы «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок ал башка оорукананын тез жардам унаасы болушу мүмкүн.

«Кырсыкка кабылганы айтылып жаткан унаа боюнча так маалымат болсо айтмакпыз. Маалыматта чыгарылган сүрөттөгү унаа тез жардамдын унаасына окшоп турат. Бирок биздин борборго таандык мындай унаа жок», - деди ал.

Буга чейин жергиликтүү тургун Жалал-Абад шаарында медициналык кызматтын унаасы менен жеңил унаа кырсыкка кабылганын билдирген болчу. Жол көзөмөлдөөчүлөр кан ташыган унаа кырсыктаганын айтышкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×