Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.01.2020 13:45 На русском

Эстен танганча урган: Ажырашып кеткен аялын сабап, апасына болушкан кызын урган күйөө. Окуянын чоо-жайы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 10-январда Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысы каралды.

Аксакалдар сотунун төрагасы Адыл Дарбишевдин айтымында, иш-чарага жабыр тарткан Б.А. аттуу айым, апасы З.А. бир тууганы, ички иштер бөлүмүнөн өкүлдөр катышты. Б.А. мурдагы жолдошу тарабынан сабалган.

«Бизге Б.А. өзү, бир тууганы жана апасы менен келип, жолдошун айтып, «бизге жашоо бербей жатат» деп кайрылды. Ал ажырашкандан кийин келип, аялын эстен танганча уруп, апасына болушкан 17 жаштагы кызын да катуу сабаган. Анан ар дайым достору менен келет, жейт, ичет. Алар кеткенден кийин мас абалда шылтоосу жок урат экен. Колу менен урат, буту менен да тебет экен. Бул чынын айтканда зордук-зомбулук. Быйылкы жыл Балдарды коргоо жылы болуп жатпайбы», - деди аксакал.

Милициядан бул факты катталганын тастыкташты. Жабырлануучу Б.А. 7-январь күнү жолдошу уруп койгонун айтып, арыз менен кайрылган. Натыйжада жабырлануучу денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Арыздын негизинде КРнын Жоруктар кодексинин 75-беренеси боюнча (үй-бүлөдөгү зомбулук) сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ал эми шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун маалыматына караганда, 7-январда саат 20:05 чамасында Б.А. жолдошу сабаганын айтып кайрылган. Дарыгерлер ага башынан жаракат алган, денесинде көк ала тактар бар деген диагноз коюшкан. Учурда жабырлануучу айым хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×