Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.01.2020 12:55

Кыштын керемети: Аксакалдардын балалыгы, аяздуу кыштагы жылгаяк. Сүрөт

Turmush -  Кыштын аяздуу суугуна карабай Кара-Көл шаарындагы жаш балдар жылгаяк тебүү менен алек. Аймактык кабарчы шаар тургундарынан жылгаяк тебүүнүн пайдасы жана ага байланышкан кызыктуу маалыматтарды топтоду.

Шаардын 87 жаштагы аксакалы Орунбаев Кеңеш ата малдын териси жана жыгач күрөк менен жылгаяк тепкенин айтып берди.

«Биздин бала чак 1940-1945-жылдарга туш келди. Ал кезде жыгачтан жасалган күрөк болчу. Ошол күрөктөр менен көк жылгаяк тепчү элек. Же болбосо чана сыяктуу сыйгаланган нерселерди жыгачтан жасап алчубуз. Анан талпак (малдын териси) менен тепчүк. Бирок талпак тез эле жыртылып калчу», - деди ал.

Шаар тургуну Бекташов Турум аксакалдын айтымында, муз тепкен балалыгы өтө кызыктуу учурларга бай толгон.

«Менин да бала чагым 1950-жылдарга туш келет. Бирок ага чейин уйдун куйругун кармап алып сыйгалак тепчү элек. Уйларды сугарганы барабыз. Ошондо алардын куйруктарын кармап алып жылгаяк тебет элек. Ал эми 1950-1952-жылдары коньки чыгып калды. Токтогулдан базардан сатып алып тептик. Ал убакта соку кант деген чыккан. Чоңдугу муштуңдай. Дүкөндөн таразага тарттырып алып, аны балка менен талкалап оозубузга салып алып, көк жылгаяк тебет элек», - деди ал.

Ал эми шаардын башкы имамы Бектен ажы Керезбаевдин айтымында, көк жылгаякты жыгачтан түбүнө зым оролгон, колго жасалган конькилер менен тебишчү.

«Биздин убакта коньки бар болгону менен баары шартка байланыштуу болчу. Кээ бирлерге жетишсиз болгон. Биз жыгач жасап, «шестерка» зымды түбүнө байлап, коньки сымал жасап алып жылгаяк тебет элек. Ал эми байдын балдары заводдо жасалган конькилерди тепчү. Анан «керзовой» өтүк менен да сыйгаланып, жылгаяк тепчүбүз. Жаңы өтүктү да жылгаяк тебе берип, таманын сыйдам кылып койчубуз. Биздин бала чак 1960- жылдарга туура келди», - деди ал.

Шаардын ардактуу атуулу, аксакалдар сотунун төрагасы Адыл Дарбишев жылгаякты «милицейский» өтүк менен тепкендигин кошумчалады.

«Менин атамдын «милицейский» өтүгү бар эле. Анын такасын алып таштасак түбү тептегиз болуп калчу. Ошону бир туугандарым менен талашып, кырга чыгып тебет элек. Аябай катуу кетет эле. Ал чоң өтүк болсо ичинен чулгоону көп кылып ороп, анан кийип алат элек. Анан эски фуфайканы белиңе ороп кийип, анын жеңинен колуң чыкпай турган кылып алчубуз. Анткени муз тилип кетпегидей колуңду жаап катуу сыйгаланып бара жатканда токтотуу үчүн ушундай кадамдарга барат элек. Биздин бала кез 1965-жылдарга туш келди», - деди ал.

Шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиевдин айтуусунда, анын муз тепкен балалыгы 1990-1991-жылдарга туура келет.

«Биздин бала кез союз тараган жылдарга туш келди. Ал убакта жашоо кыйын болуп калды. Чаналар, конькилер дүкөндөрдө сатылбай калган. «Резиновой» өтүк кийип муз тептик. Кийин темирлер сатылып, тонолуп, алюминий (ошол кезде алюминий чаналарды темирге, алюминий алгандарга тапшырган) сатылып жаткан кездер эле. Ошондо чананын баар азайып калды. Сегиз же ондук зымдан астын кармап олтуруп түшө турган кылып жасап алып муз тебип ойногон күндөр башталды. Жоон зымды кол кармай турган кылып ийип, этек жагына бут кое турган кылып жасачубуз. Ал катуу эле сыйгаланчу», - деди ал.

Шаар тургуну, журналист Апипа Жолдошованын айтымында, көк жылгаяк тебүү бир гана балдарга тиешелүү эмес. Аны чоңдор да тебип, терс энергиялардан арылса болот.

«Жылгаяк тебүүдө чоңдордуку да балдардай кызыктуу. Жогортон чана тээп түшкөндө, аябай кыйкырып, бакырып калабыз. Бул менен биз өзүбүздөгү терс энергияны чыгарып жиберет экенбиз. Бир жолу кышында муз тепкенден кийин өзүмдү жеңил сезип калганымды сездим. Ошону менен катар чогуу муз тебүү үй-бүлө мүчөлөрүнүн же достордун арасындагы көңүлдүү эс алууну, чың ден соолукту жана мамилени чыңдайт», - деди ал

«Баластан» балдар бакчасынын мурунку директору Роза Койчукараева көп жылдар бою мектепке чейинки мекемелерде үзүрлүү эмгектенгендиктен балдар үчүн кышкы оюндардын пайдасын айтып берди.

«Көк жылгаяк ойноо балдар бакчасынын тарбиялоо программасына кирбейт. Бирок кар менен ойноо оюндары бар. Мисалы биздин бакчада балдардын ден соолугун чыңдоо, логикалык жактан өнүктүрүү оюндары каралган. Кышында балдарды жылуу кийинтип алып таза абага сеилдөөгө алып чыгып айлага байкоо жасайбыз. Кар киши жасап ойнотуп, кыймылдуу оюндардан чанага бирин-бири сүйрөп ойнотобуз.

Негизи көк жылгаяк бакчадагы балдар үчүн каралбаган. Ал эми чоң балдар тебүүчү көк жылгаяк жаш балдар үчүн кооптуу. Биз кичинебизде фляжкаларга суу толтуруп алып келип, дөң, бийик жерлерге кыйналып сүйрөп чыгып, аны кайра өйдөдөн ылдый карата төгүп, муз кылып тоңдуруп көк жылгаяк тебет элек. Эми көк жылгаяк тебүү айыл жергелеринде, шаардын сырттарында же тоодогу кышкы эс алуу базаларында уюштурулган. Шаар жергелеринде катоктор бар эмеспи. Унаанын дөңгөлөгү менен көк жылгаяк тепкендерди көрүп жүрөбүз», - деди Койчукараева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×