Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 11.01.2020 10:18

Жалал-Абаддагы жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жетти

Turmush -  Кечээ, 10-январда Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 10:55 чамасында болгон. Жер титирөөнүн күчү Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол айылдарында 3 баллга, Үч-Коргон жана Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга, Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин жетти. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×