Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.01.2020 18:37

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чырда жашоочу октон жаракат алган деген маалымат чындыкка дал келбейт, - милиция

Turmush -  6-январь күнү Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Сай айылындагы мамлекеттик кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыккан. Райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн маалыматтын негизинде аталган окуя боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү иштеринин алкагында милиция кызматкерлери окуяга катышкан жергиликтүү тургундардан түшүнүк кат алып, чек арада мыйзам бузулса, анын кесепети кандай болору жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Анын максаты — ири пикир келишпестиктерди, ок атууларды жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын 1992-жылы туулган тургуну Сайдакмат уулу Сабырбектин колуна 6-январдагы окуя учурунда ок тийгендиги тууралуу маалымат жарыяланган. Текшерүү иштеринин жыйынтыгында эч кимге ок атылбаганы белгилүү болду жана аймактагы ооруканага октон жабыркаган эч ким кайрылган эмес.

Бирок Ала-Бука РИИБдин тергөө бөлүмүн токтомунун негизинде Сайдакмат уулу Сабырбектин ден соолугу медициналык кароодон өткөрүлүп, анын эч кандай жараат албагандыгы аныкталды.

Буга чейин Turmush басылмасы Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылындагы чек арадан 6-январда чыр чыгып, социалдык тармактарга чыр чыккан жерден тартылган видео тараганын жазган. Болжол менен видео Чоң-Сай айылынын тургундары тарабынан тартылган.

Чыр Ак-Курча участкасында жайылып жүргөн 500дөй койду өзбек чек арачылары айдап жөнөгөндөн кийин чыккан. Муну уккан жергиликтүүлөр артынан жетип барышканда өзбек чек арачылары асманга ок чыгарган.

Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашкандай, өзбекстандык чек арачылар кыргыз тараптын 520 баш жандык малын кайтарып беришкен.

«Ала-Бука районунун Чоң-Сай айылындагы чек арада чыккан чыр боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында өзбек тарап кыргызстандыктардын малын кайтарып берди. Кыргыз тарап өзбек чек арачыларына доосу жок экенин билдиришкен. Эки тараптын чек арачылары жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда чек арадагы абал тынч», - деп маалымдаган Мамлекеттик чек ара кызматы.

Буга чейин Чоң-Сай айылынын башчысы Өскөн Рүстөмов кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр боюнча өзүнүн пикирин билдирген.

Чоң-Сай айылындагы 150 кожолукта 600дөн ашуун жашоочу бар. Район борборунан 100 чакырым алыста турат. Көк-Таш айыл аймагында кыргыз-өзбек чек арасында такталбаган 19 миң 200 гектар жер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×