Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.01.2020 18:45

Туулган күнгө эң баалуу белек кайсы? Кара-көлдүк жетекчи айымдын пикири

Алымкан Мырзалиева
Алымкан Мырзалиева

Turmush -  Азыркы заманда ар бир адам үчүн китеп балуу белек болуп саналат, дейт Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева.

Анын айтымында, адамдын руханий байлыгы биринчи орунда болушу керек.

«Албетте, ар бир адамдын материалдык баалуулуктарга мамилеси ар кандай. Бирок биз руханий байлыкты баалоого өтсөк, келечекке карай жол жемиштүү болмок. Туулган күндөрдө гүл, торт белек кылуу жакшы көрүнүш. Бирок китеп белек кылсак, анын пайдасы көбүрөк деп айтат элем. Муну менен бирге мекендештеримди китеп окууга чакырам. Мурда «ат адамдын канаты» деген сөз көп колдонсо, азыркы заманда китеп адамдын канаты болуп калды. Анткени жакшы китеп окусаң, жакшы дос күткөндөй болосуң. Андан дем-күч алып, ишиңди дагы позитивдүү маанай менен аткарасың. Жакында эле «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» деген китепти окудум. Аны биздин Куштарбек Кимсанов деген жазуучу жана котормочу которуптур. Китепте дүйнө жүзү суктанган Финляндия өлкөсүнүн өнүгүү тарыхы жазылыптыр. Ал өлкө качандыр бир убакта артта калган өлкө болгон экен.

Шаардагы ар бир жетекчи, мугалим, окуучуга ушул китепти окууну сунуштадым. Анткени бул китепти окугандан кийин менде көптөгөн идеялар пайда болду. Негизи эле биздин жаштар ушул китепти окуп, үлгү алышса дейт элем. Биз дагы ак карлуу, бийик зоолуу, кышкысын суук, жайкысын ысык, тоолордун койнунда жайгашкан кең Кыргызстанды өнүктүрүп, дүйнөнү суктантсак деген ой келет. Ал үчүн биздин жаштардын билим сапаты бийик болушу зарыл. Ошондуктан ар бир жаран китеп окуп, рух казынасын толтуруп, жан дүйнөсүн азыктантса деген ойдомун», - деди Алымкан Мырзалиева.

Анын айтымында, жакында «Китепкөй Кара-Көл» аттуу фестиваль жана «Ар бир айда бирден китеп» акциясын өткөрүү пландалып жатат.

«9-январда кышкы кеңешме өткөрдүк. Иш-чарага шаардагы мугалимдер катышты. Аларга дагы китеп окууну сунуштадым. Мисалы туулган күндөргө торт же гүл көтөрүп баргандан көрө, китеп белек кылууну адатка айлантып алсак жакшы болор эле. Мен бүгүн белекке китеп алып, жаш баладай сүйүндүм. Адамдардын сүйлөшүү, пикир алышуу маданиятын да өнүктүрсөк жакшы болчудай. Ошол окуган китептердеги жакшы идеяларды талкуулап, баарлашсак коомдо өнүгүү, өсүү дагы болот эле. Биз мугалимдер балдарга билим, тарбия берип жатабыз. Бирок кайтарым байланыш болбой жатат. Окуучуларыбыз китеп окуп, аң сезими өсүп, көз карашы өзгөргөндө билим берүү жакшы жолго коюлат», - деди Мырзалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×