Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.01.2020 17:00

Тойдун конокторун бою менен таң калтырган ырчы Баямандын баяны. Сүрөт

Turmush -  22 жаштагы Баяман Сатыбалды уулу Ош облусунда өткөрүлгөн тойлордо ырчылык өнөрү менен кызмат кылып келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул тармакта иштеп жатканына 1 жылдан ашты.

«Тойлорго чакыруулар көп болууда. Көбү менин боюма кызыгып, «Кичинекей ырчы» деп аташат. Көп адамдар таң калуу менен караганы менен жакшы кабыл алышат. Тамада мени чакырганда отургандар анча деле көңүл бурушпайт. Ортого чыкканымда гана таң калышат. Боюмдун узундугу 1 метр 40 см», - деди Баяман.

Ал иш учурундагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Тойлордо ар кандай окуялар болот. Ырдап жатканымда жаш балдар жаныма үйүлүп алышат. Айрым учурларда балдар уруп, тарткылап тийишет. Боюм кичине болгон үчүн аларга кызыктуу көрүнөт окшойм.

Бир жолу тойканалардын биринде ырдап жатсам бир киши 200 сом берип кетти. Бир аздан соң кайра келип, «сен фонограмма менен ырдап жатасың» деп микрофонду жулуп алды. Мен жандуу үн менен ырдап жаткан элем. Отургандар кол чаап жиберишкенде микрофонду кайра мага берген. Ушул сыяктуу окуялар көп болот», - деди ал.

Учурда ал Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайда билим алып жатканын айтат.

«2019-жылы окуу жайга жаңы келгенимде «жашың өтүп кетиптир» деп кабыл алышкан эмес. Кийин кайра кабыл алышты. Учурда үйлөөчү аспаптарда ойногонду үйрөнүп жатам. Келечекте чоң сахнаны багындырам деген оюм бар. Ырчы болууну кичинекей кезимде эле кыялданып жүрчүмүн. Музыкалык тармакта окуп, тойлордо ырдап, бул кыялымды акырындык менен ишке ашырып келе жатам», - деди ырчы.

Баяман мырза Аксы районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын эң кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×