Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 10.01.2020 14:06

Тогуз-Торонун жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек беришти

Turmush -  Тогуз-Торо районунда жаштар каражат топтоп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жалпы 13 миң сом чогулган.

«Жаштар аз камсыз болгон, социалдык жактан колдоого муктаж, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүүнү демилгелегенбиз. Бул жолу жалпы 50гө жакын балага белек тапшырдык. Ал үчүн 13 миң сом сарптадык», - деди Тогуз-Торо райондук жаштар комитетинин төрагасы Тынчтык Таалайбеков.

2019-жылы аталган комитеттин колдоосу менен жаштар арасында хоккей боюнча мелдеш уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×