Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 10.01.2020 13:46

Чаткалдын Терек-Сай айыл өкмөтүнө 1 млн сомго тез жардам унаасы алынды

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө тез жардам унаасы алынды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Болот Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, унааны алууга 1 млн сом жумшалган.

«Калктын ден соолугуна кам көрүү максатында тез жардам унаасы алынды. Ага 1 млн сом кен казган компания тарабынан бөлүндү. Тез жардам унаасы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×