Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 10.01.2020 10:53

Токтогулда элдин малына кол салган карышкырлар көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Токтогул районунда кыштоолорго түшүп, элдин малына кол салган карышкырлар атылып баштады. Бул тууралуу Токтогул районунун акиминин орун басары Нурболот Кожобергенов билдирди.

Анын айтымында, башка жылдарга салыштырмалуу 2019-жылдын декабрь айынын ортосунан баштап кыштоолорго түшкөн карышкырлардын саны көбөйгөн. Ошондуктан акимчилик өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө кат менен кайрылган.

«Биз декабрь айында кайрылганбыз. Облустагы 5 мергенчини Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө алып кетишти. Кара-Күңгөй айылында карышкырларды жок кылуу иштери башталды. Аларга биздин жергиликтүү мергенчилер да көмөктөшүп жатышат. Кара-Күңгөй айылында 5 карышкыр жүрөт деп жатышат. Мергенчилер Кушчу-Суу деген айылда болушат, ал жакта 4 карышкыр жүргөнүн айтышууда. Андан кийин Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө, ал жактагы Чычкан капчыгайына, Тоолук, Өзгөрүш аймактарына барышат. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тоого чыгуу үчүн аттарды даярдап берүүдө. Мергенчилерди тамак-аш менен камсыздоо да каралууда. Ал эми ок-дары менен камсыздоо иштерин департамент колго алган», - деди Н.Кожобергенов.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Бакыт Жоошбаев билдиргендей, аларга Токтогул жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги тарабынан карышкырлар көбөйүп жатканы боюнча кат келген.

«Карышкырларды жакшы ата алган мергенчилерди топтоп Токтогулга жөнөп кеттим. Биздин департамент тарабынан ок-дары, күйүүчү май берилди», - деди ал.

Мамлекет тарабынан мергенчилерге атылган бир карышкыр үчүн 6 миң сом, атылган бир чөөгө 2000 сом сый акы берилет. Карышкыр аткан мергенчиге банктан эсеп ачылып, каражат ошол эсепке которулат.

2019-жылы Токтогул районунда жалпы 19 карышкыр, 228 чөө атылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×