Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.01.2020 10:08 На русском

Кара-Көлдөгү мектеп-гимназия 17,5 млн сомго оңдоп-түзөлөт

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы №1 мектеп-гимназияда оңдоп-түзөө иштери башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жумуштар кечээ, 9-январда башталып, мектеп-гимназиянын башталгыч класстагы окуучулары окуган №2 имарат эмеректерден бошотулду.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиеванын айтымында, жаңы окуу жылына чейин №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Учурда жумуштардын биринчи этабы башталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, №2 имаратта окуп жаткан мектепке чейинки даярдоочу жана башталгыч класстын окуучулары №1 имаратка көчүрүлүп, оңдоо иштери бүткүчө 3 нөөмөт менен окушат.

Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеевдин айтымында, аталган мектеп-гимназиянын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен 28 миллион сом каралган. Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланып, аны 17 млн 564 миң 450 сомго «Фалкон Девелопмент груп оф Централ Азия» ЖЧКсы («Falcon development group of Central Asia») фирмасы утуп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×