Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 09.01.2020 19:30

Токтогулдук мергенчилер 7 карышкырды кууп жүрүп, төртөөнү атышты. Видео

Turmush -  

Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айыл өкмөтүндө жергиликтүү мергенчилер элдин малына кол салып жүргөн карышкырларды жок кылды. Бул маалыматты Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тастыкташты.

Аталган айыл өкмөттүн тоолуу айылдарындагы кыштоолордо карышкырлар жашоочулардын малын жеп кетип жатышкан. Жергиликтүү мергенчилер топтолуп, 7 карышкырдын аркасынан кубалап, алардын төртөөсүн атканга үлгүрүшкөн.

Айыл өкмөттүн маалыматына караганда, Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 2019-жылы карышкырлар элдин 25тей жылкысына, 50дөй бодо жана майда малына кол салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×