Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.01.2020 15:33

Жалал-Абадда кан ташыган унаа кырсыкка кабылды

Жалал-Абадда тез жардам унаасы кырсыкка кабылды
Жалал-Абадда тез жардам унаасы кырсыкка кабылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында кан ташыган унаа менен жеңил унаанын катышуусундагы кырсыктан чоң суммадагы материалдык чыгым болгон жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-январда Жалал-Абад шаарында кан ташыган медициналык унаа менен жеңил унаанын катышуусунда кырсык катталган. Эки айдоочу өз ара келишип, тарап кетишкен. Бирок күбөлөр кырсык тууралуу жол көзмөлдөөчүлөргө билдиришкен.

«Биздин кызматкер окуя болгон жерге барганда эки тарап тең эч кандай доосу жоктугунан улам окуя болгон жерден кетишиптир. Кан ташыган унаанын айдоочусунун айтымында, унаанын номуру кыйшайып калган. Эч ким жабыркаган эмес жана чоң материалдык чыгым болгон жок», - деп билдиришти.

Буга чейин Жалал-Абадда тез жардам унаасы жеңил унаа менен кагышканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×