Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.01.2020 21:00

Кара-Көлдүн 2019-жылдагы мыктылары кимдер?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Көл шаарында 2019-жылдын мыкты кызматкерлери жана жетекчилери сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарада 2019-жылы шаардагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо, энергетика жана социалдык-экономикалык коомдук иштерге салым кошкон адистер сыйланды.

Сыйлыкка ээ болгон кызматкерлер жана жетекчилер:

- Дарбишев Адыл — Аксакалдар кеңешинин төрагасы;

- Кыдыкеева Жыпаркүл — №89 кесиптик лицейинин директору;

- Манасчы Тусунбаев Салимбай — «Кара-Көл шаарына ак ниет кызматы үчүн» төш белгиси жана «Кара-Көл шаарына сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйланды;

- «Мыкты мамлекеттик кызматкер» — Молдобаева Өлбөзкан, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси;

- Мыкты жетекчи» — Таштанкулова Күзөркан, Жазы-Кечүү айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы;

- «Мыкты депутат» — шаардык кеңештин депутаттары Макушев Майрамбек жана Журабаев Жеңишбек;

- «Мыкты мугалим» — Мүсүралиев Байышбек, Д.Шопоков атындагы №4 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими;

- «Мыкты муниципалдык кызматкер» — Түркбаева Сафина, мэриянын документтерди камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы;

- «Мыкты энернетик» — Оганов Самат, Токтогул ГЭСтери каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын электр жабдуу бөлүмүнүн 3-баскычтагы электромонтёру;

- «Мыкты куруучу» — Сооронбаев Бирлик, «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын негизги курулуштар бөлүмүнүн электромонтёру;

- «Мыкты спортчу» — Бекишев Азамат, спорт чеберине талапкер, кол күрөш боюнча республикалык турнирдин жеңүүчүсү, кол күрөш боюнча машыктыруучу;

- «Укук коргоо органынын мыкты кызматкери» — Асатов Жуманазар, шаар прокурору, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси;

- «Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери» — Кенжебаева Элмира, шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн кенже кызматкери;

- «Мыкты жаран» — Алыбаев Майрамбек, шаар тургуну;

- «Мыкты окутуучу» — И.Разаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын улук окутуучусу Кыдырмаева Зарылбү жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кара-Көл шаардык колледжинин энергокурулуш жана транспорт бөлүмүнүн окутуучусу Калыбекова Назира;

- «Мыкты ишкер» — Рустамов Акыл, жеке ишкер;

- «Мыкты коомдук ишмер» — Үсөнбаев Зайыр.

- Мэриянын ардак грамотасы менен Чыбыкеев Билсинбек, Исмаилов Имарат, Нургазиев Канатбек, Узаков Нурдунбек, Курманалиева Майрамбүбү, Нургазиев Данияр сыйланышты.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 31-декабрда өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×