Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 08.01.2020 17:07 На русском

Көк-Ташта мал кайтарып жүргөн тургунду өзбек чек арачылары алып кетип, кайра кайтарышты, - жергиликтүүлөр

Turmush -  Бүгүн, 8-январда Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Кумдак айылынын тургунун кайтарып жүргөн малы менен кошо өзбек чек арачылары алып кирип кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургун тактала элек аймак катары эсептелген Ак-Курча участкасында мал жайып жүргөн. Аны өзбек чек арачылары өздөрү тарапка алып кирип кетишкен.

«Эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүп, тургунду малы менен кошо кайтарып беришти. Бүгүн бизге район акими баштаган бийлик өкүлдөрү келишти, биз өз маселебизди айттык», - дешти алар.

Райондун акими Эмил Абдыкадыров жергиликтүү тургундун абалы жакшы экенин, мал-жандыктары кошо кайтарылганын билдирди.

«Жергиликтүү тургун тактала элек тилке катары саналган аймакта мал кайтарып жүргөн экен. Чек арачылардын сүйлөшүүсүнөн кийин жергиликтүү тургун мал-жандыгы менен кошо кайтарылды», - деди ал.

Маалым болгондой, бүгүн аким Эмил Абдыкадыров буга чейин өзбек арачылары менен пикир келишпестик орун алган Көк-Таш айыл аймагындагы Чоң-Сай айылынын эли менен жолугушуп, алардын пикирлерин укту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×