Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 07.01.2020 17:36

«400 миң сомдой зыян»: Тоолуу Сары-Камышта 30дай жылкыга карышкырлар кол салды

Сары-Камыш айылы
Сары-Камыш айылы

Turmush -  Токтогул районуна караштуу алыскы Сары-Камыш айыл аймагында күздөн бери карышкырлар жергиликтүү тургундардын 40-50дөй жылкысын жеп кетти. Мындай пикирди жергиликтүүлөр билдирди.

Алардын айтымында, чөө менен карышкыр элге материалдык чыгым алып келүүдө. Айыл өкмөт менен бирге жырткыч жаныбарларды жок кылуу аракети натыйжасыз болуп жатат.

Айыл тургуну Сүйүнбай Табалдиев: «Сары-Камыш тоолуу айыл болгондуктан тургундар мал багып жашоо кечиришет. 2019-жылдын сентябрь айынан баштап эле жырткычтар мал-жандыкка аптасына 3-4 жолудан кол салып жатат. Айыл аксакалдары, жаштар, айыл өкмөт бирге карышкырды жок кылууга аракет кылышканы менен натыйжа жок. Анткени айыл бүт тарабынан тоолор менен курчалган. Бийик тоолуу болгондуктан карышкырлар колго тийбей жатат.

Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти тарабынан жардам болсо жакшы болмок. Анткени айылга мергенчилер керек. Мен өзүм Чүйдө турганым менен Сары-Камыш айылыма тынбай каттап турам. Эс алуу күндөрү айыл тургундары менен бирге карышкырды жок кылууга чогуу барып келдим. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл жырткычтар бодо малга көп кол салууда. Мисалы, менин желедеги айгырыма карышкырлар кол салган. Орточо эсеп менен 50 миң сомго чыгымга учурадым», - деди.

Сары-Камыш айыл аймагынын башчысы Рамис Өмүрканов карышкырлар элдин бодо малына кол салуусунан улам чыгымга учурап жатканын ырастады.

«Карышкырды таптакыр жок кылуу мүмкүн эмес. Анткени биздин айыл аймак бийик тоолордун курчоосунда жайгашкан. Эки күн мурда эле мен, уруксаты бар жергиликтүү мергенчилер, айылдагы айрым жашоочулар болуп карышкыр жок кылууга чыгып келдик. Бул жырткычтын изин көрдүк, бирок колго түшүрө алган жокпуз. Биздеги кыштоолор айылдан 15-20 чакырым алыста тоонун башында болот. Карышкырлар ошол тоо башындагы кыштоолорго келип жатышат. Айылды жалаң тоо курчагандыктан бодо малга зыян тийгизген жырткычтарды толук жок кылуу мүмкүн эмес. Күз мезгилинен бери 20-30дай бодо малга тийди. Көбүнчө жылкыларга кол салууда, ал эми кара мал карышкырларга бир аз да болсо тап бере алат. Жырткычтардын жылкыларга кол салганын болжолдуу эсептегенде элге 300-400 миң сомдой зыян алып келди. Жергиликтүү бийлик колдон келген аракетин көрүп жатат. Буга чейин үч чөө жок кылынды, карышкыр колго түшө элек. Учурда абал тынчып калды. Биз сырттан мергенчилерди алып келгенге каржы булагыбыз тартыш. Ошондуктан уруксаты бар жергиликтүү мергенчилер менен бирге иштейбиз», - деди ал.

Ал белгилегендей, мергенчилерди алып келүүнүн түйшүгү да түмөн. Анткени кышы 6 айга созулган аймакка келүү үчүн жергиликтүүлөр Нарын районунун Жумгал районунан өтүп, Суусамыр аркылуу катташат. Бул жол аркылуу райондун борборуна чейинки аралык 300 чакырымды түзөт. Жайкысын Токтогул—Толук—Сары-Камыш жолу аркылуу катташып, анда аралык 150 чакырымды түзөт.

Сары-Камыш айылы облустун борборунан 500 чакырым алыста жайгашкан. Калкынын саны 1,5 миңден ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×