Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 07.01.2020 14:40 На русском

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр: Ок атылган учурдагы видео

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылындагы чек арадан 6-январда чыр чыккан. Социалдык тармактарга чыр чыккан жерден тартылган видео тарады. Болжол менен ал Чоң-Сай айылынын тургундары тарабынан тартылган.

Чыр Ак-Курча участкасында жайылып жүргөн 500дөй койду өзбек чек арачылары айдап жөнөгөндөн кийин чыккан. Муну уккан жергиликтүүлөр артынан жетип барышканда өзбек чек арачылары асманга ок чыгарган.

Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашкандай, өзбекстандык чек арачылар кыргыз тараптын 520 баш жандык малын кайтарып беришкен.

«Ала-Бука районунун Чоң-Сай айылындагы чек арада чыккан чыр боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында өзбек тарап кыргызстандыктардын малын кайтарып берди. Кыргыз тарап өзбек чек арачыларына доосу жок экенин билдиришкен. Эки тараптын чек арачылары жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда чек арадагы абал тынч», - деп маалымдаган Мамлекеттик чек ара кызматы.

Буга чейин Чоң-Сай айылынын башчысы Өскөн Рүстөмов кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр боюнча өзүнүн пикирин билдирген болчу.

Чоң-Сай айылындагы 150 кожолукта 600дөн ашуун жашоочу бар. Район борборунан 100 чакырым алыста турат. Көк-Таш айыл аймагында кыргыз-өзбек чек арасында такталбаган 19 миң 200 гектар жер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×