Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 07.01.2020 09:32

Чаткалда тогуз коргоол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Чаткал районунда тогуз коргоол боюнча мелдеш болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чара 6-январда Каныш-Кыя айылында улуттук оюндарды өнүктүрүү жана жаштарды спортко тартуу максатында уюштурулуп, ал тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү, КРнын эл аралык класстагы спорт чебери Марлис Дуулатбековдун катышуусунда өттү.

Мелдешке 20дан ашуун улан-кыздар катышып, соңунда 25 жашка чейинки катышуучулар арасында 1-орунду Эмилбек уулу Ариет, 2-орунду Курманбек уулу Иманбек, кыздар арасында 1-орунду Айтыкул кызы Айназик, 2-орунду Жунусбекова Акылай ээледи. Ал эми 18 жашка чейинки балдар арасында 1-орунду Жумадил Үмөталиев, 2-орунду Ж.Тургуналиев, 3-орунду Умар Бузурманкулов, кыздар арасында 1-орунду Уланбек кызы Жумаида, 2-орунду Жанызак кызы Айзирек, 3-орунду Курманбекова Сырга ээледи.

Мелдешти өткөрүүгө Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан 20 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×