Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 07.01.2020 07:57 На русском

Өзбекстандын чек арачылары 520 баш малды кайтарып берди

Turmush -  Өзбекстандык чек арачылар кыргыз тараптын 520 баш жандык малын кайтарып берди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылындагы чек арада чыккан чыр боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында өзбек тарап кыргызстандыктардын малын кайтарып берди. Кыргыз тарап өзбек чек арачыларына доосу жок экенин билдиришкен. Эки тараптын чек арачылары жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда чек арадагы абал тынч.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылында чек арадан чыр чыкканы кабарланган.

Маалым болгондой, 6-январда Ак-Курча участкасында жайылып жүргөн, айылдын тургундарына таандык 500дөй койду өзбек чек арачылары айдап жөнөшкөн. Муну уккан жергиликтүү тургундар артынан жетип барышканда өзбек чек арачылары асманга ок чыгарган. Мындан улам ортодо пикир келишпестик чыккан.

«Ак-Курча участкасын илгертеден эле кыргыз эли жердеп келген. Эми такталбаган аймак деп айтылып жатат. Мал жайып жүргөн тапта чыр чыкты. Койлорду азыркы тапта өзбек чек арачылары кармап турушат. Элдин нааразычылыгы күч болуп турат», - дешкен жергиликтүү тургундар.

Чоң-Сай айылынын башчысы Өскөн Рүстөмов кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкканын ырастап, бул боюнча эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан.

«Биздин чек арачылар менен алар тараптын чек арачылары сүйлөшүп жатышыптыр. Негизи мындай чырдын чыгышына чек ара тилкесинин такталбаганы себеп болууда. Чек ара такталса ушундай окуялар да токтойт эле. Негизи Ак-Курча участкасына эгемендүүлүктөн бери эле биз мал жайып келебиз. Биздин айылга жакын жерде жайгашкан. Илгертеден кыргыздын жери катары саналып келет, чек ара Белден ары экенин ата-бабалар дагы айтып келишет. Коңшу тарап биздин койлорду кайтарып берерине ишенем», - деген ал.

Чоң-Сай айылындагы 150 кожолукта 600дөн ашуун жашоочу бар. Район борборунан 100 чакырым алыста турат. Көк-Таш айыл аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасында такталбаган 19 миң 200 гектар жер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×