Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 06.01.2020 17:11

Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылында чек арадан чыр чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, 6-январда Ак-Курча участкасында жайылып жүргөн, айылдын тургундарына таандык 500дөй койду өзбек чек арачылары айдап жөнөшкөн. Муну уккан жергиликтүү тургундар артынан жетип барышканда өзбек чек арачылары асманга ок чыгарган. Мындан улам ортодо пикир келишпестик чыкты.

«Ак-Курча участкасын илгертеден эле кыргыз эли жердеп келген. Эми такталбаган аймак деп айтылып жатат. Мал жайып жүргөн тапта чыр чыкты. Койлорду азыркы тапта өзбек чек арачылары кармап турушат. Элдин нааразычылыгы күч болуп турат», - дешти жергиликтүү тургундар.

Чоң-Сай айылынын башчысы Өскөн Рүстөмов кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкканын ырастап, бул боюнча эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

«Биздин чек арачылар менен алар тараптын чек арачылары сүйлөшүп жатышыптыр. Негизи мындай чырдын чыгышына чек ара тилкесинин такталбаганы себеп болууда. Чек ара такталса ушундай окуялар да токтойт эле. Негизи Ак-Курча участкасына эгемендүүлүктөн бери эле биз мал жайып келебиз. Биздин айылга жакын жерде жайгашкан. Илгертеден кыргыздын жери катары саналып келет, чек ара Белден ары экенин ата-бабалар дагы айтып келишет. Коңшу тарап биздин койлорду кайтарып берерине ишенем», - деди ал.

Чоң-Сай айылындагы 150 кожолукта 600дөн ашуун жашоочу бар. Район борборунан 100 чакырым алыста турат. Көк-Таш айыл аймагында кыргыз-өзбек чек арасында такталбаган 19 миң 200 гектар жер бар.

2019-жылдын 8-декабрында Чоң-Сай айылына жакын жерге чейин өзбек чек арачылары кирип келгени тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Андан формачан жарандар Кыргызстан тарапка адашып кирип алышканын айтып жатканын, калктын нааразычылыктарын көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×